«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын август айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 1 – августунан – 1 сентябырына чейин 8832  телефондон кайрылуу (же бир суткада 284 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 176 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 58 же 33,0% жаш балдардан, ал эми 118 же 67,0% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 123 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 19 абонентке психологиялык консультация берилди, 34 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

176 чалуунун ичинен эркектерден – 33 (же 18,7%), аялдардан – 143 (же 81,3%), балдардан – 58: анын ичинен эркек балдардан – 9 (же 15,5%), кыздардан – 49 (же 84,5%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 35;

– финансылык, юридикалык  жана башка жардам сурап – 31;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 27;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 19;

– психологиялык жабырлануудан – 18;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 13;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 8;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 5;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 5;

– билим берүү системасы боюнча – 5;

– медициналык камсыздоо боюнча – 4;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 4;

– ар кандай суроолор менен – 2.

8656 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 58 (же 33,0%);

– Чүй облусунан – 32 (же 18,2%);

– Жалал-Абад облусунан – 15 (же 8,5%);

– Ысык-Көл облусунан – 15 (же 8,5%);

– Ош облусунан – 10 (же 5,7%);

– Баткен облусунан – 5 (же 2,8%);

– Нарын облусунан – 3 (же 1,7%);

– Ош шаарынан – 2 (же 1,1%);

– Талас облусунан – 2 (же 1,1%);

– анонимдерден – 34 (же 19,3%).

Пайдалуу
Ссылкалар