«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын сентябрь айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 1-8– сентябрына чейин 1454 телефондон кайрылуу (же бир суткада 207 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 41 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 6 же 14,6% жаш балдардан, ал эми 35 же 85,4% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 30 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 4 абонентке психологиялык консультация берилди, 7 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

41 чалуунун ичинен эркектерден – 12 (же 29,3%), аялдардан – 29 (же 70,7%), балдардан – 6: анын ичинен эркек балдардан – 2 (же 33,3%), кыздардан – 4 (же 66,7%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 9;

– финансылык, юридикалык  жана башка жардам сурап – 7;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 5;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын  мамилелери тууралуу – 4;

– психологиялык жабырлануудан – 4;

– билим берүү системасы боюнча – 4;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 2;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 2;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 1;

– медициналык камсыздоо боюнча – 1;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка  мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 1;

– БУИТ борбору тууралуу -1.

1413 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 13 (же 31,7%);

– Чүй облусунан – 6 (же 14,6%);

– Жалал-Абад облусунан – 6 (же 14,6%);

– Ош облусунан – 4 (же 9,8%);

– Ысык-Көл облусунан – 2 (же 4,9%);

– Талас облусунан – 2 (или 4,9%);

– Баткен облусунан – 1 (же 2,5%);

– анонимдерден – 7 (же 17,0%).

Пайдалуу
Ссылкалар