Социалдык жардамдын интерактивдүү картасы ишке киргизилди

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги  Кыргыз Республикасынын санариптик өнүгүү министрлиги менен биргеликте социалдык көмөк көрсөтүүнүн интерактивдүү картасын ишке киргизди.

Интерактивдик карта берилип жаткан жөлөкпулдар жана аларды алган жарандардын саны тууралуу маалыматты ачык алууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, сайттан мамлекеттик бюджеттен сарпталган каржылык каражаттардын өлчөмү жөнүндө маалыматты көрүүгө болот. Жалпыланган маалыматты облустар жана райондор боюнча да алууга болот.

Интерактивдик карта так, толук жана өз убагында маалымат менен камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттик жөлөкпулдарды алуучулар боюнча маалыматтардын  ачык, айкындыгын жана  жеткиликтүүлүгүн  камсыз кылуу максатында иштелип чыкты. Маалымат алуу үчүн Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин https://mlsp.gov.kg/ расмий сайтына кирүүгө жетиштүү.

Мамлекеттин колдоосуна муктаж болгон үй-бүлөлөр жөнүндө маалыматтардын толуктугун, актуалдуулугун жана тууралыгын камсыз кылуу максатында «Аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспорту» функционалдык модулу иштелип чыкты.

Ал «Санарип аймак» автоматташтырылган маалымат системасына киргизилген, бул аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдүн эсебин алууга мүмкүндүк берет. Аз камсыз болгон үй-бүлөнүн паспортунан алынган маалымат интерактивдүү картада чагылдырылган.

Бул карта жарандардын аткаруу бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнө болгон ишенимин арттырууга жана заманбап коом муктаж болгон маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет.

Интерактивдик картада жөлөкпулдарды жана компенсациялар төлөнүү менен социалдык жардам алган жарандар жөнүндө ким экендиги көрсөтүлбөгөн маалымат чагылдырылат. Социалдык жардам алуучулардын арасында калктын аялуу катмары: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар, жакыр жашаган үй-бүлөлөр ж. б.

Интерактивдик картаны көрүү үчүн Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин https://mlsp.gov.kg/ расмий сайтына кирип, шилтеме аркылуу интерактивдүү картага өтүү жетиштүү.

Пайдалуу
Ссылкалар