«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын сентябрь айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

 

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 8-16- сентябрына чейин 1291 телефондон кайрылуу (же бир суткада 184 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 43 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 14 же 32,6% жаш балдардан, ал эми 29 же 67,5% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 31 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 7 абонентке психологиялык консультация берилди, 5 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

43 чалуунун  ичинен эркектерден – 5 (же 11,6%), аялдардан – 38 (же 88,4%), балдардан– 14: анын ичинен эркек балдардан – 1 (же 7,1%), кыздардан – 13 (же 92,9%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 9;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 7;

– психологиялык жабырлануудан – 7;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 6;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар – 4;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 3;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 3;

– билим берүү системасы боюнча – 2;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 1;

 – ар кандай суроолор боюнча – 1.

1248 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

Бишкек шаарынан – 16 (же 37,2%);

Жалал-Абад облусунан – 6 (же 13,9%);

Чүй облусунан – 5 (же 11,6%); 

Ысык-Көл облусунан – 5 (же 11,6%);

Ош облусунан – 3 (же 7,0 %)

Ош шаарынан – 2  (же 4,7%);

Нарын облусунан – 2 (же 4,7%);

Баткен облусунан – 1 (же 2,3%);         

анонимдерден – 3 (же 7,0%).

Пайдалуу
Ссылкалар