«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын октябрь айынын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын  15 – 22– октябрына чейин 1744  телефондон кайрылуу (же бир суткада 249 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 52 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 10 же 19,2% жаш балдардан, ал эми 42 же 80,8% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 40 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 5 абонентке психологиялык консультация берилди, 7 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

52 чалуунун  ичинен эркектерден – 6 (же 11,5%), аялдардан – 46 (же 88,5%), балдардан – 10: анын ичинен эркек балдардан – 2 (же 20,0%), кыздардан – 8 (же 80,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 13;

– финансылык, юридикалык  жана башка жардам сурап – 7;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 6;

– психологиялык жабырлануудан – 5;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 3;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 3;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 3;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 3;

– билим берүү системасы боюнча – 3;

– ар кандай суроолор менен – 3;

– БУИТ борбору тууралуу маалымат -2;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 1;

1692 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 18 (же 34,6%);

– Чүй облусунан – 13 (же 25,0%);

– Ош облусунан – 5 (же 9,6%);

– Ысык-Көл облусунан – 5 (же 9,6%);

– Талас облусунан – 2 (или 3,8%);

– Жалал-Абад облусунан – 1 (же 2,0%);

– Баткен облусунан – 1 (же 2,0%);

– Ош шаарынан – 1 (же 1,9%);

– анонимдерден – 6 (же 11,5%).

Пайдалуу
Ссылкалар