«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын октябрь айынын төртүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 22 – октябрынан -1- ноябрына чейин 2512 телефондон кайрылуу (же бир суткада 251 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 61 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 22 же 36,0% жаш балдардан, ал эми 39 же 64,0% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 35 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 15 абонентке психологиялык консультация берилди, 11 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

61 чалуунун  ичинен эркектерден – 11 (же 18,0%), аялдардан – 50 (же 82,0%), балдардан–22: анын ичинен эркек балдардан – 6 (же 27,3%), кыздардан – 16 (же 72,7%).

 Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– психологиялык жабырлануудан – 13;

– социалдык жардам сурап – 8;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 8;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 7;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 6;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 4;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 4;

  – БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 4;

– билим берүү системасы боюнча – 3;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу– 2;

– медициналык камсыздоо боюнча – 1;

– ар кандай суроолор менен – 1.

2451 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

Бишкек шаарынан – 22 (же 36,0%);

 Чүй облусунан – 8 (же 13,1%); 

Ысык-Көл облусунан – 4 (же 6,6%);

Нарын облусунан –  3 (же 4,9%);

Жалал-Абад облусунан – 2 (же 3,3%);

Ош облусунан – 2 (же 3,3%)

Ош шаарынан – 2  (же 3,3%);

 Талас облусунан – 1 (же 1,6%);

Анонимдерден – 17 (же 27,9%). 

Пайдалуу
Ссылкалар