11 медициналык социалдык-эксперттик комиссиянын жетекчилери жумуш ордуларынан бошотулду

Медициналык социалдык-эксперттик комиссиянын иши коомчулукта курч сынга алынып, коррупциялык схемалардын бар экендигин, кызматкерлердин орой мамилеси, ошондой эле кагаз иштери көбөйтүлүп, бюрократиялык көрүнүштөр болуп жаткандыгын баса белгиленип келген, анын жыйынтыгында 11 медициналык социалдык-эксперттик комиссиянын жетекчилери жана 2 врач жумуш ордуларынан бошотулду.
Комиссия жарандардын тиричилик аракеттеринин чектелишине, травманын же дефекттердин кесепеттеринен келип чыккан ден соолуктун бузулушунун натыйжасында жарандарга убактылуу же толугу менен иш аракетке жөндөмсүздүгүн аныктап, аларга дефектиге ылайык топторун, майыптуулук корутундусун аныктоо жүргүзөт.
Жогорудагы иш аракеттер комиссиянын ишинин сапатын жогорулатуу үчүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы” Кыргыз Республикасынын Президенттин Администрациясынын структурасы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин структурасы жана түзүмү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун максатында жазалган.
Пайдалуу
Ссылкалар