«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын 10 айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 10 айында (январь – октябрь) 87313 телефондон кайрылуу (же бир суткада 287 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 2174 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 682 же 31,4% жаш балдардан, ал эми 1492 же 68,6% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 1570 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 297 абонентке психологиялык консультация берилди, 307 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

2174 чалуунун  ичинен эркектерден – 500 (же 23,0%), аялдардан – 1674 (же 77,0 %), жаш балдардан– 682: анын ичинен эркек балдардан – 153 (же 22,4%), кыздардан – 529 (же 77,6%).         

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 428;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 297;

– психологиялык жабырлануудан – 278;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 261;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 239;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 122;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 108;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 107;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 77;

– билим берүү системасы боюнча – 71;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 65;

– ар кандай суроолор менен – 58;

– медициналык камсыздоо боюнча – 55;

– мектептеги рэкет тууралуу – 5;

– суицид тууралуу-3.

85139 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

Бишкек шаарынан – 775 (же 35,6%);

Чүй облусунан – 346 (же 16,0%); 

Жалал-Абад облусунан – 162 (же 7,4%);

Ысык-Көл облусунан – 159 (же 7,3%);

Ош облусунан – 137 (же 6,3%);

 Ош шаарынан – 82  (же 3,8%);

 Талас облусунан – 49 (же 2,3%);

Нарын облусунан –  46 (же 2,1%);

Баткен облусунан – 46 (же 2,1%);

 анонимдерден – 372 (же 17,1%).

Пайдалуу
Ссылкалар