«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын ноябрь айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 1-8 – ноябрына чейин 1574  телефондон кайрылуу (же бир суткада 224 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 30 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 8 же 26,7% жаш балдардан, ал эми 22 же 73,3% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 20 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 4 абонентке психологиялык консультация берилди, 6 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

30 чалуунун  ичинен эркектерден – 8 (же 26,7%), аялдардан – 22 (же 73,3%), балдардан– 8: анын ичинен эркек балдардан – 2 (же 25,0%), кыздардан – 6 (же 75,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 8;

– психологиялык жабырлануудан – 4;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 4;

– билим берүү системасы боюнча – 3;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 2;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 2;

– ар кандай суроолор менен – 2;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 1;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 1;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 1;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көсөтүү – 1;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 1.

 1544 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 15 (же 50,0%);

– Чүй облусунан – 5 (же 16,7%);

– Нарын облусунан – 2 (же 6,7%);

– Ысык-Көл облусунан – 2 (же 6,7%);

– Ош шаарынан – 1 (же 3,3%);

– Баткен облусунан – 1 (же 3,3 %);       

– анонимдерден – 4 (же 13,3%).

Пайдалуу
Ссылкалар