«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдагы иши тууралуу маалымат

Борбордун кызматкерлери күн сайын жана күнү-түнү 111 кыска номерине келип түшкөн чалууларды кабыл алышат, угат жана абоненттерге же консультация, же психологиялык жардам көрсөтөт. Кабыл алынган суроолор – чалуулар журналга катталат, аларга анкета толтурулат, бардык чалуулар жазылат.

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылы (январь – декабрь) 101156 телефондон кайрылуу (же бир суткада орточо 277 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 2584 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 795 же 30,8% жаш балдардан, ал эми 1789 же 69,2% чоң адамдардан). Анын ичинен 1789 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 357 абонентке психологиялык консультация берилди, 364 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

2584 чалуунун  ичинен эркектерден – 604 (же 23,4%), аялдардан – 1980 (же 76,6%), балдардан–795: анын ичинен эркек балдардан – 182 (же 22,8%), кыздардан – 613 (же 77,2 %).

2584 кайрылган абоненттердин ичинен көбү 534 чоң адамдар же 20,7% социалдык жардам сурап чалган. Алар “үй-бүлөгө көмөк”, “балага сүйүнчү”, майыптык, жумушсуздук, камкорчусунан ажырагандыгы боюнча, сөөк коюуга жөлөкпул, ДМЧ балдарды караган жеке ассистенттин кызмат акысын төлөө, көмүр берүү, майыптыгын тобун кайра карап чыгуу, баланы жана улгайган жаранды социалдык стационардык мекемеге (ССМ) орноштуруу, ССМдеги карантин, үй-бүлө жана балдарды текшерүү, бала асырап алуу, комкордукка алуу, фостердик үй-бүлө жөнүнө консультация, балдарды энесине кайтарып берүү, агасы менен байланышуу, ишке орноштуруу, балдардан эмгегин колдонуу, социалдык кызматкерди чакыруу, жөлөкпул алууга банктан эсеп ачуу, ишке орноштуруу бөлүмүнөн аныктама алуу,  ДМЧ баланы караган адам керек экендиги  боюнча кайрылышкан.

360 абонент же 14,0% жардамга муктаж жарандар чалып, финансылык, гуманитардык жардам, азык-түлүк, убактылуу үй, психолог, юрист, логопед, психиатр, балага туулган тууралуу күбөлүк, балага ишеним кат алуу, үй-бүлөсү менен байланышуу, РФ жарандыгын алуу, адамды, өспүрүм балдарды, жоголгон буюмдарды издөө, жетим балдарга жардам берүү ниети, ДМЧ балдарга жаңы жылдык белек берүү, ӨИИ каттоодон чыгаруу, досуна жардам берүү, 102 Кызматынын кызматкерин чакыруу, 111 кызматына кайрылгандагы жазууну, документти, психологиялык, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганда, кошунасы тарабынан коркутууга учураганда  консультация,  мекеме жана уюмдардын даректерин, ЮНИСЕФ, КР ЭСКМ тууралуу маалымат сураган.

Кайрылуулардын үчүнчү позициясын психологиялык жактан жабырланган 334 же 13,0% абоненттердин чалуусу орун алган, алардын ичинен 287 жаш балдар кайрылган. Алардын кайрылуусуна таарыныч, стресс, коркуу, агрессия, жалгыздык, депрессияга кабылуу, күнөөлүү, ишенбөө, тынчсыздануу, сүйгөндүк сезимдери, кол үзүү, өзүн төмөн баалоо, апатия, чарчоо, комплекстер, кыжырдануу, күмөн саноо, ата-энеси, достору, туугандары, өгөй атасы, өгөй энеси, достору менен чыр–чатактар жана өз ара келишпестиктер, ата – энелер тарабынан баарлашуунун, энелик сүйүүнүн жетишпездиги, куугунтук маниясы, эркинин жетишпестиги, курбусунун өлүмү, суицидалдык ойлор, жыныстык катнашка кызыгуу, ден соолугунун абалы, COVID 19 оорусун жуктуруп алуу, ИИО кызматкерлерине кармалгандык, классташтары тарабынан ашкерелөө, ЖРТнүн төмөн баллы, хиджап кийүүгө мажбурлоо себеп болгон. 

307 же 11,9% абонент баланы тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, ата – эне менен балдардын болгон өз ара  мамилелери боюнча чалышкан. Алар ата – энеси менен балдардын, туугандары, өгөй атасы, теңтуштары, мугалим менен өз ара түшүнбөстүктөрү, досу, баласы менен мамилесине жана ага кайгыруу, клептомания (уурулук кылуу),буллинг (бейбаштык), ата-энелердин бааларга нааразычылыгы, балага түрткү берүү, балдардын укугу, окуудагы кыйынчылыктар, эрте никеге туруу, мобилдик телефондон көз каранды болуу, энеси тарабынан өтө камкордук көрүү, балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү тууралуу консультация алуу, намаз окуганды үйрөнүү, өзү жөнүндө аңгеме (окуя) айтуу үчүн кайрылган.

269 же 10,4% абонент балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук ата – энеси, туугандары, багып алгандар, камкорчулар, өгөй энеси, өгөй атасы, мугалим, теңтуштары, кошунасы, өспүрүм балдар, ИТБМнин тарбиячысы, бейтааныш эркек, батирдин ээси тарабынан көрсөтүлгөнү тууралуу кабарлаган.

Үй–бүлөлүк мамилелер бузулуп жана чыр–чатактар чыккандыгы тууралуу 138 же 5,3% абонент чалган. Буларга аял – күйөөлөрү, ата – эне менен балдардын, өгөй ата менен баланын, туугандар, никеде турбаган күйөөсү, кайын энеси менен өз ара түшүнбөстүктөр жана чыр–чатактар, баланы ата – энесинин бирөөсүнүн камкордугуна берүү, балдар менен жолугууга болгон тоскоолдук, алимент төлөбөгөндүк, аталык милдеттен ажыратуу, ажырашуунун процедурасы боюнча консультация алуу себеп болгон.

126 же 4,8% абонент аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу кабарлаган (күйөөсү, ата – эне, өгөй атасы, баласы, туугандары, кайын энеси, кошунасы, досу, никеде турбаган күйөөсү, бейтааныш эркек тарабынан).

118 же 4,5% абонент «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун иши тууралуу маалымат алуу үчүн кайрылган.

Билим берүү системасы боюнча 93 же 3,6% абонент чалып, мектептин директоруна, мугалимге жана мектеп администрациясынын ишине, бала бакчанын тарбиячысына арызданган, аралыктан окуунун кыйынчылыктары, сабактарга катышпоо, мектептеги талаптар, мектепке, бала бакчага орноштуруу, бала бакчага электрондук кезек тууралуу билдирген.

88 же 3,4% кайрылуу балдарга карата ата – эне, чоң эне, өгөй ата, бейтааныш адам тарабынан кайдыгер мамиле тууралуу болгон.

76 же 3,0% кайрылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана башка мекемелердин кызматкерлерине жана ишине нааразычылык билдирген (РИИБдүн, РЭСӨБтын, МСЭКтин, БҮИТтин,  айыл өкмөттүн, Софонддун, “Шанс” КБ, ЖОЖдун кызматкерлерине, сот аткаруучунун, соттун чечимине, иш берүүчүгө, үй комитетине).

70 же 2,7% чалуулар ар кандай суроолор боюнча болгон (электр энергиясын өчүрүп салуу, БҮИТ борборуна чалган өспүрүм кыз тууралуу маалымат, кошуналарга нааразычылык жана чыр–чатактар, ата- энелер комитетинин мүчөсүнө,  батирдин убактылуу жашоочуларын чыгаруу, аккаунтунун бузулушу, жеке менчикти ээлеп алгандык, мүлк бөлүштүрүү,  кемсинтүү, өлүм жазасын киргизүү сунушу, чоңдор жана психикалык ооруканалар үчүн колл-борборду ачуу жөнүндө, эмгек укугунун бузулушу, Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылуу, чек арадан өтүүдөгү  кыйынчылыктар, ТВдагы балдар берүүлөрү жана маалымат тууралуу, досуна телефон чалып берүү өтүнүчү, соцтармактагы опузалоо, орозо тутуу, жол кире төлөмү, электрондук тамекинин зыяны жөнүндө, азык-түлүк жана дары-дармектердин кымбатташына нааразычылык, карызды кайтарбоо, бейбаштыгы үчүн кечирим суроо,  Баткендеги окуялар, элестетип, ойдон чыгарылган баяндар, психологдун консультациясы, эшиктин кулпусун ачуу, таштандыларды таштоо,  моб. телефондун номеринин көйгөйү тууралуу).

63 же 2,4% абонент медициналык камсыз кылуу (ден соолугунун көйгөйү, дарылануу, карантин, поликлиникага каттоо жөнүндө, өспүрүм кыздын боюнун өсүшү, жол кырсыгынан жабыркаган кыз жөнүндө маалымат алуу, бейтапканага, РПДСБ жайгаштыруу, доктурга, төрөт үйүнүн кызматкерине, МҮБ, 103 тез жардам, 118 кызматына арыздануу, тез жардам кызматын чакыруу, COVID-19дан вакцина, ал тууралуу маалымкат алуу) боюнча чалган.

5 абонент же 0,2% мектептеги рэкет тууралуу кабарлаган.

3 же 0,3% суицид  тууралуу кайрылган.

98572 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап жаңылып чалгандар.

Белгилей кетчү нерсе, кээ бир түшкөн чалуулар боюнча атайын башка тиешелүү органдардын, мекемелердин кийлигишүүсү талап кылынат. Ал учурда Борбордун кызматкерлери кайрылууларды алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарлап, иш алып баруусун сунуштайт. 

364 кабарланган билдирүүнүн ичинен 285 же 78,3% – райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына (РШЭСӨБ) жөнөтүлдү,  75 же 20,6% – ички иштер органдарына, ӨКМ 112 Кызматына – 1 же 0,3%, башкага – 3 же 0,8% жөнөтүлгөн.

Бул мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай өз ара иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн 2584 кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек  шаарынан   –952 (же 36,8%);

– Чуй облусунан –400 (же 15,5%);

– Ысык – Көл облусунан – 178 (же 6,9%);

– Жалал – Абад облусунан –  178 (же 6,9%);

– Ош облусунан – 156 (же 6,0 %);

– Ош шаарынан – 101 (же 3,9%);

– Нарын облусунан –63 (же 2,4%);

– Талас облусунан – 56 (же 2,3%);

– Баткен облусунан – 54 (же 2,1%);

– анонимдерден – 446 (же 17,3%).

Бул бөлүнүштү караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары көбүрөөк маалымдалганы билинип турат.

Борбордун кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү.

Балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу кайрылуулар боюнча 23 факты анык болуп,  үй-бүлөлөр  каттоого алынды, 1 бала психологдун консультациясына жөнөтүлдү,   11 бала убактылуу үй-бүлөсүнөн алынып, реабилитациялык борборго убактылуу жайгаштырылды, 1 бала энесине кайтарылып берилди. Жашы жете элек 3 бала ата-энесинен, туугандарына өткөрүлүп, 1 абонентке коргоо ордери берилди. Үч ата-эне РИИБге кайрылуудан баш тартышкан, ал эми үч факты боюнча РИИБ тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат. 106 факты тастыкталган эмес. Буга байланыштуу бардык үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу 16 кайрылуу боюнча факты аныкталган, ал эми  35 кайрылуу аныкталган эмес, үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

50 үй-бүлөгө райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын кызматкерлери жашаган жерине барып, изилдеп чыгып, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

92 абонентке райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктардын кызматкерлери тарабынан сунуштар жана консультациялар берилди.

3 үй-бүлөнүн балдарына “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул чектелди.

1 балага “балага сүйүнчү” жөлөкпул чектелди.

2 өспүрүм ата-энесине кайтарылып берилди.

3 өспүрүм бала табылып, ата – энесине кайтарылып берилди.

2 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү.

балдарынын муктаждыктарына кайдыгер караган 2 мас эне тууралуу     кайрылуу тастыкталган жок.

1 жашы жете элек  бала ооруканага жаткырылды.

1 жашы жете элек ИТБМне орноштурулду.

1 өспүрүм ИТБМне кайтып барды.

1 факты боюнча өспүрүмдүн уурулук кылганы боюнча айыпталуусу тастыкталган жок.

1 абонентке 102 кызматына кайрылууга жардам берилди.

1 сабалган жаш жигитти 103 тез жардам кызматы алып кеткен.

1 ижарага берген үйдүн ээсинин коркутуусу тууралуу факты тастыкталган эмес.

4 кайыр суроо боюнча  факты тастыкталган жок.

1 эс-учун жоготуп жаткан адам тууралуу  факт тастыкталган жок.

Үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу 9 кайрылуу тастыкталган жок, райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

9 факты боюнча аялдар РШИИБ арыз менен кайрылуудан баш тартышты, 9 факты боюнча РШИИБ кызматкерлери тарабынан үй-бүлө менен профилактикалык иш чаралар өткөрүлдү, 6 коргоо ордери берилген, 3 жабыркаган  аял ИИБга арыз жазышкан, 1  факты боюнча жабырлануучу кайрадан арыз менен кайрылган.

2020 – жыл (5210 чалуу) менен 2021 – жылды (2584 чалуу) салыштырганда, чалуулардын саны 2 эсеге азайган. Чалуулардын азайышынын себеби, республиканын аймагында өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абалга байланыштуу гуманитардык, финансылык жана башка жардамга муктаж жарандардын кайрылуулары жокко эсе болгон. Бирок быйылкы 2021 – жылы телефон аркылуу абоненттерге берилген консультациялардын убактысынын көбөйгөнү байкалып турат.

 Апта жана ай сайын келип түшкөн чалуулар тууралуу маалымат министрликтин сайтында жайгаштырылат. 2021-жылдын 9-июнунда борбордун психологу “Ала-Тоо 24” каналынын  “Иш илгери” программасына маек курду. Мындан тышкары материалдар министрликтин жана “Балдар үчүн ишеним телефону” борборунун Facebook жана Instagram баракчаларына жарыяланып турду.

Пайдалуу
Ссылкалар