«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын январь айынын төртүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 22– январынан   1 – февралына чейин 1792 телефондон кайрылуу (же бир суткада 179 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 70 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 8 же 11,4% жаш балдардан, ал эми 62 же 88,6% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 54 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 2 абонентке психологиялык консультация берилди, 14 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

70 чалуунун  ичинен эркектерден – 21 (же 30,0%), аялдардан – 49 (же 70,0%), балдардан – 8: анын ичинен эркек балдардан – 2 (же 25,0%), кыздардан – 6 (же 75,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 18;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү – 14;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 8;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 6;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 5;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 5;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 5;

– билим берүү системасы боюнча – 4;

– психологиялык жабырлануудан – 2;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 1;

– суицид туралуу – 1;

– БҮИТ борбору тууралуу маалымат – 1.

1722 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 28 (же 40,0%);

– Чүй облусунан – 13 (же 18,6%);

– Ысык-Көл облусунан – 7 (же 10,0%);

 – Ош облусунан – 4 (же 5,7%);

– Жалал-Абад облусунан – 4 (же 5,7%);

– Талас облусунан – 3 (же 4,3%);     

– Баткен облусунан – 3 (же 4,3%);  

– Ош шаарынан – 3 (же 4,3%);

– анонимдерден – 5 (же 7,1%).

Пайдалуу
Ссылкалар