«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын февраль айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 1- 8 -февралына чейин 1540 телефондон кайрылуу (же бир суткада 220 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 64 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 14 же 21,9% жаш балдардан, ал эми 50 же 78,1% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 48 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 9 абонентке психологиялык консультация берилди, 7 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

64 чалуунун  ичинен эркектерден – 15 (же 23,4%), аялдардан – 49 (же 76,6%), балдардан – 14: анын ичинен эркек балдардан – 5 (же 35,7%), кыздардан – 9 (же 64,3%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 22;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 9;

– психологиялык жабырлануудан – 9;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 7;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү – 5;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 5;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 3;

– билим берүү системасы боюнча – 1;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 1;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 1;

– БҮИТ борбору тууралуу маалымат – 1.

1476 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 23 (же 36,0%);

– Чүй облусунан – 10 (же 15,6%);

– Ысык-Көл облусунан – 4 (же 6,2%);

– Жалал-Абад облусунан – 4 (же 6,2%); 

– Ош облусунан – 3 (же 4,7%);

– Баткен облусунан – 3 (же 4,7%);  

– Нарын облусунан – 3 (же 4,7%);  

– Ош шаарынан – 3 (же 4,7%);

– Талас облусунан – 2 (же 3,1%);     

– анонимдерден – 9 (же 14,1%).

Пайдалуу
Ссылкалар