«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын февраль айынын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 15 – февралынан                   22 – февралына чейин 1608 телефондон кайрылуу (же бир суткада 229 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 56 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 12 же 21,4% жаш балдардан, ал эми 44 же 78,6% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 43 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 4 абонентке психологиялык консультация берилди, 9 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

56 чалуунун  ичинен эркектерден – 10 (же 17,9%), аялдардан – 46 (же 82,1%), балдардан – 12: анын ичинен эркек балдардан – 4 (же 33,4%), кыздардан – 8 (же 66,6%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 17;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү – 9;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 6;

 – психологиялык жабырлануудан – 4;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 4;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 3;

– башка суроолор боюнча – 3;

– билим берүү системасы боюнча – 2;

–  мектептеги рэкет тууралуу – 2;

 – БҮИТ борбору тууралуу маалымат – 2;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 1;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 1;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 1;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 1.

1552 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 18 (же 32,1%);

– Чүй облусунан – 10(же 17,9%);

– Жалал-Абад облусунан – 6 (же 10,7%);

– Ысык-Көл облусунан – 4 (же 7,2%);

– Нарын облусунан – 4 (же 7,2%);     

– Ош шаарынан – 2 (же 3,6%);

– Ош облусунан – 2 (же 3,6%);

– Баткен облусунан – 1 (же 1,7%);  

– анонимдерден – 9 (же 16,0%).

Пайдалуу
Ссылкалар