«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын февраль айынын төртүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын  22 – февралынан   1 – мартына чейин 1407 телефондон кайрылуу (же бир суткада 201 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 56 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 10 же 17,9% жаш балдардан, ал эми 40 же 82,1% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 40 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 4 абонентке психологиялык консультация берилди, 12 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

56 чалуунун  ичинен эркектерден – 12 (же 21,4%), аялдардан – 44 (же 78,6%), балдардан – 10: анын ичинен эркек балдардан – 2 (же 20,0%), кыздардан – 8 (же 80,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 17;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү – 13;

 – балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 8;

– психологиялык жабырлануудан – 4;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 4;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 2;

– билим берүү системасы боюнча – 2;

– БҮИТ борбору тууралуу маалымат – 2;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 1;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 1;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 1;

– башка суроолор боюнча – 1.

1351 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 18 (же 32,1%);

– Чүй облусунан – 9(же 16,1%);

– Жалал-Абад облусунан – 5 (же 8,9%);

– Талас облусунан – 5 (же 8,9%);

– Ош шаарынан – 7 (же 12,5%);

– Ысык-Көл облусунан – 3 (же 5,4%);

– Ош облусунан – 1 (же 1,8%);

– Баткен облусунан – 1 (же 1,8%);  

– анонимдерден – 7 (же 12,5%).