Кудайберген Базарбаев: Жөлөк пул жана компенсацияларды дайындоодогу коррупция үчүн кызматтан алам

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда мамлекеттик жөлөк пулдар боюнча мыйзамдын аткарылышын текшерди.
Ар кандай төлөмдөрдү алуучулар – аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, жеңилдетилген категориядагы жарандар менен жолугушууда Министр, ведомство тарабынан калктын социалдык аярлуу катмарынын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду.
«Базар-Коргон районунда 6 миң 548 үй-бүлө же 20 миң 661 бала «үй бүлөгө комок» жөлөк пулун алса, 2 миң 107 жаран ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пул алат. 2022-жылдын январь айында төлөмдөрдүн жалпы суммасы 32,9 миллион сомду түзсө, үстүбүздөгү жылы биздин жарандарды колдоого 441 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Бардык төлөмдөр ачык-айкын жүргүзүлөт.
Ошону менен бирге социалдык камсыздоонун стратегиялык милдети жакырчылыкты жеңүүгө жардам берүү, социалдык жөлөк пул алуучулардын катарынан чыгуу болуп саналат. Мамлекет эч кимге социалдык жактан коргоодон баш тартпайт, бирок өнүккөн мамлекет – бул финансылык жактан көз карандысыз, камсыз болгон жарандар экендигин түшүнүү керек,. Бул үчүн аз камсыз болгон жарандарды ишке орноштуруу, кичи ишканаларды ачуу жана колдоо, эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге бекер окутуу жана кайра даярдоо ж.б.у.с. ар кандай программалар ишке ашырылууда», – деп түшүндүрдү Министр.
Жыйында, социалдык төлөмдөрдү дайындоо маселелерин талкуулады. Кудайберген Базарбаев, ар бир адам министрлик тарабынан иштелип чыккан интерактивдүү карта аркылуу жөлөкпулдардын туура дайындалышын текшерсе, же түз эле ведомствого кайрылса болорун түшүндүрдү.
«Министрлик пособиелерди жана компенсацияларды дайындоодо коррупциялык тобокелдиктерге активдүү каршы турууда. Коррупция катуу жазаланат. Бул биздин Президентибиздин саясаты – өлкө форматындагы махинациялар жөнүндө болобу, же анча-мынча төлөм жөнүндө болобу, ар кандай коррупциялык схемалардын алдын ала токтотуу. Ар бир сигналды изилдеп, эң катаал чараларды көрөбүз, анын ичинде кызматтан бошотууга чейин», – деп баса белгиледи Министр.
Эл менен болгон жолугушуунун жыйынтыгында Базар-Коргон райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери жана социалдык кызматкерлер менен жумушчу жолугушуу болуп, анда калктын айткан көйгөйлөрү боюнча тапшырмалар берилди.
Эске салсак, Кудайберген Базарбаевдин иш сапарлары 2022-жылдын башынан бери өлкөнүн бардык аймактарында жүрүп, жөлөк пул, компенсация жана башка социалдык кызматтарды алуучулар менен жолугушууларды, ошондой эле интернаттык мекемелериндеги тамак-аштын сапатын текшерүүнү камтыйт.
Пайдалуу
Ссылкалар