«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын февраль айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 1 – февралынан 1 – мартына чейин 6180 телефондон кайрылуу (же бир суткада 232 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 217 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 44 же 20,3% жаш балдардан, ал эми 173 же 79,7% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 163 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 21 абонентке психологиялык консультация берилди, 33 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

217 чалуунун  ичинен эркектерден – 47 (же 21,7%), аялдардан – 170 (же 78,3%), балдардан – 44: анын ичинен эркек балдардан – 15 (же 34,1%), кыздардан – 29 (же 65,9%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 70;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү – 31;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 22;

– психологиялык жабырлануудан – 21;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 19;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 9;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 8;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 7;

– билим берүү системасы боюнча – 6;

– БҮИТ борбору тууралуу маалымат – 6;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 6;

– медицина камсыздоо тууралуу – 5;

– башка суроолор боюнча – 5;

– мектептеги рэкет тууралуу – 2.

5963 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 71 (же 32,7%);

– Чүй облусунан – 35 (же 16,1%);

– Жалал-Абад облусунан – 21 (же 9,7%);

– Ош шаарынан – 16 (же 7,4%);

– Ысык-Көл облусунан – 14 (же 6,4%);

 – Ош облусунан – 8 (же 3,7%);

– Талас облусунан – 8 (же 3,7%);

– Нарын облусунан – 7 (же 3,2%);    

– Баткен облусунан – 6 (же 2,8%);  

– анонимдерден – 31 (же 14,3%).