«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын эки айынын (январь-февраль) иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын эки айында 12446 телефондук кайрылуу (же суткасына 210 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 475 абонент консультация сураган же жардам көрсөтүүнү өтүнгөн (алардын 88и же 18,5% балдар,  387си же 81,5% чоң кишилер), 362 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 38 абонентке психологиялык консультация берилген, 75 кайрылуу  мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

475 чалуунун  122си же 25,7%) эркектерден,  353ү (же 74,3%) аялдардан,  88и балдардан: 27си (же 30,7%)өспүрүмдөрдөн,  61и  (же 69,3%) кыздардан түшкөн.

 Кайрылуулардын түрү менен мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 147;

– каржылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 71;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүү жөнүндө – 52;

– балдарды тарбиялоо жана алардын жүрүм-туруму, балдар менен  ата-энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 42;

– психологиялык жабырлануудан – 38;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнун жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 26;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 21;

 – үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу– 17;

 – балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 14;

– билим берүү системасы боюнча – 13;

– БҮИТтин иши  жөнүндө маалымат – 13;

– башка маселерлер боюнча – 12;

– медициналык камсыздоо боюнча – 6;

– мектептеги рэкет тууралуу – 2;

– суицид тууралуу – 1.         

11971 чалуулар ар кандай мүнөздө болгон: абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүштүрүлушү төмөнкүдөй:

 Бишкек шаарынан – 176 (же 37,1%);

 Чүй облусунан – 75 (же 15,8%);

Жалал-Абад облусунан – 39 (же 8,2%);

Ысык-Көл облусунан – 33 (же 6,9%);

Ош шаарынан – 24 (же 5,1%);

Ош облусунан – 21 (же 4,4%);

Баткен облусунан – 16 (же 3,4%);

Талас облусунан – 15 (же 3,2%);

Нарын облусунан –  13 (же 2,7%);

анонимдерден – 63 (же 13,2%). 

Пайдалуу
Ссылкалар