«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын март айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 8– мартынан             15 – мартына  чейин 2176 телефондон кайрылуу (же бир суткада 310 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 47 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 10 же 21,3% жаш балдардан, ал эми 37 же 78,7% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 33 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 7 абонентке психологиялык консультация берилди, 7 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

47  чалуунун  ичинен эркектерден – 10 (же 21,3%), аялдардан –37 (же 78,7%), балдардан – 10: анын ичинен эркек балдардан –1 (же 10,0%), кыздардан-9 (же 90,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 17;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү – 7;

– психологиялык жабырлануудан – 7;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле,зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 4;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтулгөн тууралуу  – 4;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 1;

– билим берүү системасы боюнча – 1;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм- туруму, ата эне менен балдардын мамилелери тууралуу- 1;

–  медицина камсыздоо тууралуу – 1;

– БҮИТ борбору тууралуу маалымат – 1;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 1;

– башка суроолор боюнча – 2.

2129 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар. 

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

 -Бишкек шаарынан – 15 (же 31,9%);

– Жалал-Абад облусунан – 7 (же 14,9%);

– Чүй облусунан – 6 (же 12,7%);

 – Ысык-Көл облусунан – 4 (же 8,6%); 

– Баткен облусунан – 3 (же 6,4%); 

– Ош облусунан – 2 (же 4,3%);

– Талас облусунан – 1 (же 2,1%);     

– Нарын облусунан – 1 (же 2,1%);

– анонимдерден  – 8 (же 17,0%).