Эмгек министрлигине гуманитардык жардамдын алкагында 310 майыптар коляскасы берилди

Министрлик менен “LDS – Charities” кайрымдуулук фондунун ортосундагы кызматташтыктын алкагында Ош шаарында Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын 12 социалдык кызматкери муктаж болгон жарандар үчүн жаңы типтеги майыптар коляскасын тандоо боюнча үч күндүк окутуу болуп өттү.
Окутуу фонддун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, алар министрликке 310 майыптар коляскасын беришкен, алар ведомствонун тизмесиндеги жарандарга таратылат.
Сертификаттарды тапшыруу аземине эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы социалдык коргоо департаментинин директору – Актан Балбаков, Ош облусунун социалдык камсыздоо башкармалыктарынын жетекчилери, фонддун өкүлдөрү катышты.
Пайдалуу
Ссылкалар