Эмгек министрлиги Кызыл Жарым Ай Коому менен кызматташууну жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууга ниеттенүүдө

29-мартта Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Бириккен Араб Эмираттарынын Кызыл Жарым Ай коомунун өкүлдөрү, жардам жана даярдык жана табигый кырсыктар департаментинин директору Обейд Рахмат аль Балуши менен жолугушту.
Жолугушууда Кудайберген Базарбаев конокторго министрликтин ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири айтып берди жана жакырчылыкка каршы күрөшүү, социалдык объекттерди куруу боюнча бир катар долбоорлор боюнча тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Министр Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому 1926-жылдан бери иштеп келе жаткандыгын жана Кыргызстандагы эң эски гуманитардык уюм экендигин белгиледи.
Кудайберген Базарбаев жана Кызыл Жарым Айдын өкүлдөрү кызматташтыкты өнүктүрүү жана аны жаңы деңгээлге чыгаруу чечимине келишти.
Пайдалуу
Ссылкалар