Эмгек министрлигинин борбордук аппараты “Жашыл Мурас”акциясына катышты

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров жарыялаган “Жашыл Мурас” акциясынын алкагында көчөттөрдү отургузууга катышты.
Министрдин жетекчилиги астында борбордук аппараттын жамааты 1,5 гектар жерге 700 көчөт отургузду. Көчөттөр Беловодск психоневрологиялык балдар социалдык стационардык мекемесинин териториясына, ошондой эле министрлик үчүн бөлүнгөн Боз Бөлтөк мамлекеттик токой фондунун участогуна отургузулду.
Министр жамааттын алдында сөз сүйлөп, көчөттөрдү отургузуу өлкөнүн экологиясына, жаштарды руханий-адеп-ахлактык тарбиялоого жагымдуу таасирин тийгизерин белгиледи.
“Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун биринчи Жарлыгы руханий-адеп-ахлактык тарбия жана дене тарбия жөнүндө болду, анда биздин өлкөнүн экологиясына, жаратылышына өзгөчө мамиле жасалат. Президент Глазго климаттык форумунда биздин өлкө экологиялык кыймылдын активдүү катышуучусу болоорун белгиледи, бул акция менен анын сөзу тастыкталды”, – деди министр.