Эмгек министри Кудайберген Базарбаев Токмок № 1 ССМинин текшерүүсүн жүргүздү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровдун социалдык мекемелерде тамак – ашты каржылоону көбөйтүү боюнча Жарлыгын аткаруу боюнча Токмок №1 психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесине билдирилбеген инспекция жүргүздү.
Текшерүү учурунда Кудайберген Базарбаев азык-түлүк сактоочу кампаны текшерип, мекеменин кызматкерлери жана бейтаптары менен жолугушуу өткөрдү.
Инспекциянын жүрүшүндө министр Кудайберген Базарбаев мыйзам бузууларды тапкан жок, стандарттар жана ченемдер мекеменин талаптарына ылайык келет.
Токмoк психоневрология-1 социалдык стационардык мекемеси Чүй облусунун Чүй районунун Искра айылында жайгашкан, мекеме 18 жаштан жогору курактагы психоневрологиялык диагнозу бар адамдарга стационарда социалдык кызмат көрсөтүүгө багытталган, бүгүнкү күндө толук мамлекеттик камсыздоодо 275 кызмат алуучу жашайт.