Эмгек министри Кудайберген Базарбаев 9-май майрамына карата Ленинград блокадачысын куттуктады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун төрагасы Анна Кутановго барды.
Анна Кутанова, Кыргызстанга эвакуацияланганга чейин, мектеп окуучусу болуп блокада болуп турган Ленинграда жашаган, ок атуу жана бомбалоо болуп турган учерда аскер штабга балуу маалыматарды жеткирген. Эрдиги үчүн “Ленинградды коргоо үчүн” медалы менен сыйланган, көптөгөн юбилейлик медалдардын ээси.
2012-жылы анын демилгеси менен Бишкектеги Д.Асанов атындагы сейил бакта Кыргызстандын жетекчилигинин жана РФ Президенти Владимир Путиндин катышуусунда Ленинграддын блокадачыларына эстелик ачылган.
“Сиз туруктуулуктун, кажыбас чечкиндүүлүктүн жана эрктүүлүктүн символу болуп саналасыз, биз сиздин эмгегиңизди абдан баалайбыз жана сиз бизге өткөрүп берген дүйнөнүн эстафетасын кадыр-барк менен алып жүрүүгө аракет кылабыз. 9 – майга карата Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына, концлагерлердин жашы жете элек туткундарына жана Ленинграддын блокадачыларына Президенттин Жарлыгы менен 100 миң сомдон төлөнөт”, – деди министр К.Базарбаев.
Пайдалуу
Ссылкалар