Эмгек министри Кудайберген Базарбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин 9-май Жениш күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Улуу Ата – Мекендик ардагери Николай Соколовко жолукту.
Министр ардагерди келе жаткан 9 май майрамы менен куттуктады.
“Мамлекет башчысы айткандай, биз тарыхыбызды унутпашыбыз керек. Ошол согуштан бери ар бир үчүнчү Кыргыз ССРинин тургуну кайтып келген эмес. Бүгүн биз — балдар, неберелер, чөбөрөлөр-ошол Жеңиштин элесин кылдаттык менен сактайбыз. Калган ардагерлер мамлекеттен максималдуу көңүл бурушат. 9 – майга чейин Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына, концлагерлердин жашы жете элек туткундарына жана Ленинграддын блокадачыларына Президенттин Жарлыгы менен 100 миң сомдон төлөнөт”, – деди К.Базарбаев.
Николай Соколов 17 жашында фронтко кетип, Беларус фронтунда кызмат өтөгөндүгү жөнүндө эскерүүлөрү менен бөлүштү. Ардагер аскердик сүрөттөрдү көрсөтүп, Ата Мекендик Согуш ордени даражаларды алуу менен сыйланганын айтып берди.