Эмгек министрлиги эмгек мыйзамдарын өркүндөтүү жаатында эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыкты бекемдейт

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдоолот Базарбаев, ошондой эле “Борбор тилектештик” америкалык эл аралык профсоюздук тилектештик борборунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Лола Абдукадырова эмгек мыйзамдарын бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталган 2022-жылга биргелешкен план жөнүндө келишимге кол коюшту.
Ошондой эле 2021-жылы түзүлгөн кызматташтык жөнүндө меморандумдун негизинде кол коюлган бул пландын алкагында “Тилектештик борбору” Министрликтин жаңы маалыматтык порталын иштеп чыгууда министрликке финансылык колдоо көрсөтүүгө ниеттенүүдө.