Эмгек министрлиги Кыргыз Республикасынын Профсоюздар Федерациясы менен өз ара кызматташуу жөнүндө келишим түздү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасынын кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Эмил Кызаев менен биргеликте эмгек, эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдардын сакталышына мамлекеттик көзөмөл жана коомдук көзөмөл жүргүзүү боюнча өз ара кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.
Кол коюу аземи жыл сайын 28-апрелде белгиленүүчү дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө арналган.
Жыл сайын эл аралык эмгек уюму башкы теманы тандап алат, ага өкмөттөрдүн, иш берүүчүлөрдүн жана коомчулуктун көңүлүн буруу керек.
2022-жылдын борбордук темасы – “Жалпы аракеттер менен эмгекти коргоонун позитивдүү маданиятын калыптандыруу”. Анын алкагында жыл ичинде жумушчулардын укуктарын коргоого карата туура мамилени калыптандырууга багытталган иш-чаралар уюштурулат жана өткөрүлөт.
Ошентип, 2021-жылы министирликтин алдындагы эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы
өндүрүштө 58 мыйзам бузуу иликтенип, жаракат алгандыгы боюнча компенсация катары кызматкерлерге 31 миллион сомдон ашык төлөнгөн, бул мезгилде кызматка 876 кайрылуу түшкөн.