Эмгек министрлиги Кыргызстандын жарандарын ишке орноштуруу боюнча Түштүк Корея менен кызматташууну кеңейтип жатат

Бүгүн, 29-апрелде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев FAVORS GROUP компаниялар тобунун атынан келген Корея Республикасынан келген делегация менен жолугушту.
«Биз кореялык тарап менен кызматташууну өнүктүрүүгө даярбыз, жыл башынан бери кызматташуу боюнча меморандумдун алкагында 272 жаранды эмгек миграциясына жөнөттүк. Келишимдин негизинде биздин жигиттер жогорку технологиялуу ишканаларда иштеп, жогорку маяна алышат, ал эми жатакана, тамак-аш корей тарап тарабынан камсыздалат. Биздин жигиттер тилди жакшы билишет, ошондой эле алар ал жерде жүргөндө болгон мыйзамдардын негиздерин карманышы керек, – деди министр.
Кудайберен Базарбаев менен FAVORS GROUP компаниясынын президенти Мин Бен До мырза Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Түштүк Кореяда ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Корей тараптын өкүлдөрү өлкөнүн жарандарын Кореянын алдыңкы компанияларында иштөөгө тартууга чоң кызыгууну билдиришти.
Ошондой эле жолугушууда Кыргызстандан бул өлкөгө жогорку маяналуу жумуштарга квалификациялуу адистерди жөнөтүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.
FAVORS GROUP – бул өлкөнүн ири өнөр жай компаниялары үчүн корпоративдик кызмат көрсөтүүчү Түштүк Кореядагы эң ири компаниялардын бири болуп саналат.
Компания ички жана тышкы рынокто да иштейт, компаниянын Малайзияда, Кытайда, Гонконгдо, Мексикада өкүлчүлүктөрү бар.
Бул компания Түштүк Кореяга эмгек ресурстарын тартуу менен да активдүү алектенет.
Пайдалуу
Ссылкалар