Кыргызстандын 117 жараны Түштүк Кореяга эмгек миграциясына барууга мүмкүнчүлүк алышты

Бүгүн 28-апрель, Достук мейманканасында Корея Республикасына жумушчу күчүн жөнөтүү жана кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга ылайык Кыргыз Республикасынын 117 жаранын Корея Республикасына жөнөтүү боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кореяга кетип жаткан жарандарга ден-соолук, ишинде ийгилик, келген өлкөнүн мыйзамдарын сактоону жана келишим аяктагандан кийин мекенине кайтып келүүнү каалады.
Бул программанын алкагында 15 жылдан бери чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борбору Корея Республикасынын ишканаларына Кыргыз Республикасынын жарандарын ийгиликтүү иштетип келет.
Меморандум колдонулган мезгилде бардыгы болуп 5 миңден ашык эмгек келишими алынган. Жумушка кеткендердин жалпы санынын көпчүлүгү тамак-аш, химия, кагаз өнөр жай ишканаларында, пластмассадан, резинадан, айнектен жасалган буюмдарды жасоодо эмгектенишет.
Корея Республикасында эмгек ишмердигин жүргүзгөн эмгек мигранттарынын орточо эмгек акысы 1 800 АКШ долларын түзөт, мында жумуш берүүчүнүн эсебинен жашаган жери жана тамак-ашы эске алынат.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан корей тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Бишкек-Инчхон каттамы боюнча чартердик каттамды уюштуруу жөнүндө макулдашууга жетишилди, бул 2022-жылы экинчи чартердик каттам. Жылдын башынан тартып, чек аралар ачылып, эмгек визалары башталган учурдан тартып, Кореяга бул программа боюнча 272 адам жөнөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын жарандары келгенден кийин Корея Республикасынын аймагында карантиндин кошумча шарттарынан өтүшү керек. Андан кийин эмгек келишиминин шарттары боюнча иш башталат.
Пайдалуу
Ссылкалар