«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын май айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 1 –  8  – майына чейин 2245 телефондон кайрылуу (же бир суткада 320 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 53 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 22 же 41,5% жаш балдардан, ал эми 31 же 58,5% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 39 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 8 абонентке психологиялык консультация берилди, 6 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

53 чалуунун  ичинен эркектерден – 17  (же 32,0%), аялдардан – 36 (же 68,0%), балдардан – 22: анын ичинен эркек балдардан – 7 (же 31,8%), кыздардан – 15 (же 68,2%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 9;

– психологиялык жабырлануудан – 8;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 7;

– социалдык жардам сурап – 8;

– үй бүлөлүк мамилелер жана чыр чатактар тууралуу – 4;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 3;

– башка суроолор менен – 3;

– БҮИТ борбору тууралуу маалымат – 3;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү тууралуу – 2;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип –2;

– медициналык камсыздандыруу тууралуу – 2; 

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 1;

– билим берүү системасы боюнча – 1.                                                                                                                                                                                             

2192 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 14 (же 26,4%);

– Чүй облусунан – 5 (же 9,4%);

– Ош облусунан – 3 (же 5,7%);

– Нарын облусунан – 3 (же 5,7%);

– Баткен облусунан – 3 (же 5,7%);

– Ош шаарынан – 2 (же 3,7%);

– Жалал- Абад облусунан 1 (же 1,9%);

– Ысык-Көл облусунан – 1 (же 1,9%);

– анонимдерден – 21 (же 39,6%).

Пайдалуу
Ссылкалар