Эмгек министри өлкөнүн бардык аймактарынан келген 500 аял – энеге – 500 Ак жолукту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровтун атынан берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Энелер Күнүн белгилөө үчүн борбор шаарга келген энелердин салтанаттуу парадына катышты.
Иш чара Кыргызстан пенсионерлер партиясынын тарабынан жана эмгек министирликтин колдосуунда уюштурулду.
Иш-чаранын катышуучулары Максим Горький аянтына чейин шаардын борборунан өтүп, министр министрликтин Ардак грамотасы түрүндөгү сыйлыктарды аймактардагы активисттерге тапшырды. Ошондой эле министр Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун атынан иш-чаранын бардык катышуучуларына (500 аял) ак жоолук тапшырды.
“Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров 921 аялды “Баатыр эне” ордени менен жана 664 аялды “Эне даңкы” медалдары менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койду, бул бүгүнкү күндө символикалык жана салтанаттуу болуп саналат. Президенттин биринчи Жарлыгы менен” адамдын руханий адеп-ахлактык жактан өнүктүрүү жана дене тарбия жөнүндө ” адеп-ахлактык негиздерин жана каада-салттарын камтыйт, анда эненин ролу коомдук өнүгүүдө жогору жана маанилүү деп белгиленет. Мен энелерди куттуктайм, анткени сиздердин аркаңыздарда гана өнүгүү бар, майрамыңыздар менен”, – деди министр.
Иш-чара түстүү концерт менен аяктады.