Эмгек министри Токмок шаарынын тургунун Энелер күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Абдурахманов Турсунайды Энелер күнү менен куттуктады.
Турсунай Абдурахманова-беш баланын энеси, 15 неберенин чоң энеси, калкты медициналык тейлөө тармагында ар кандай кызматтарда иштеген. Анын чоң уулу Шерзод Абдурахманов көп жылдар бою Токмок №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине көп жылдар бою тамак-аш менен жардам берип келет.
“Эне эмгеги, Кыргыз Республикасынын татыктуу жарандарын тарбиялоо үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Сиз бардык балдарыңызга жана неберелериңизге чынчылдык, адилеттүүлүк, адамгерчилик жана башка адамдарды урматтоо сыяктуу маанилүү сапаттарды үйрөтө алдыңыз”, – деди министр.
Пайдалуу
Ссылкалар