Эмгек министринин орун басары Нурдоолот Базарбаев эл аралык миграция маселелерин кароо боюнча биринчи форумга катышып жатат

2022 жылдын – 17 майында БУУнун Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында эл аралык миграция маселелерин чечүү боюнча биринчи Форум иштей баштады. Форум көптөгөн кызыкдар тараптардын катышуусу менен төрт интерактивдүү тегерек үстөлдөн, саясат боюнча диалогдон жана пленардык отурумдан турат.
Форумдун ишине 150дөн ашык мүчө-мамлекеттердин өкүлдөрү катышууда. Кыргыз Республикасынын делегациясын Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдоолот Базарбаев жетектейт.
Эл аралык миграция проблемаларын кароо боюнча Форум мүчө мамлекеттерде миграция боюнча глобалдык келишимди ишке ашырууда орун алган көйгөйлөрдү талкуулоо максатында мүчө мамлекеттер үчүн негизги өкмөттөр аралык глобалдык платформа катары кызмат кылат.
Пайдалуу
Ссылкалар