Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров “Жарандардын кээ бир категорияларына мамлекеттик колдоону күчөтүү жөнүндө” Жарлыка кол койду

Калктын аярлуу катмарын, анын ичинде аз камсыз үй-бүлөлөрдөгү балдарды колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Президенти “Жарандардын кээ бир категорияларына мамлекеттик колдоону күчөтүү жөнүндө” Жарлыка кол койду.
Жарлыка ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине 2022-жылдын 1-июнунан тартып мамлекеттик төлөмдөрдүн төмөнкү түрлөрүнүн өлчөмүн жогорулатуу тапшырмасы берилип жатат:
– “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун 810 сомдон 1200 сомго чейин;
– I топтогу жалпы оорудан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга социалдык жөлөкпулдун өлчөмүн – 2500 сомдон 5500 сомго чейин;
– II топтогу жалпы оорудан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга социалдык жөлөкпулдун өлчөмүн – 2000 сомдон 3000 сомго чейин;
– III топтогу жалпы оорудан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга социалдык жөлөкпулдун өлчөмүн – 1500 сомдон 2000 сомго чейин;
– ата-энесинин биринен ажыраган балдарга социалдык жөлөкпулдун өлчөмүн 2000 сомдон 3000 сомго чейин;
– баатыр-энелерге социалдык жөлөкпулдун өлчөмүн – 2500 сомдон 3000 сомго чейин;
– улгайган жарандарга социалдык жөлөкпулдун өлчөмүн – 1500 сомдон 2000 сомго чейин.
Жогорудагы категориядагы адамдарга мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрү 2021-жылдын 1-октябрынан тартып бир кыйла азыраак өлчөмдө көбөйтүлгөн.
Аталган жарлыкта ошондой эле, дайыма бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж 18 жаштан жогорку ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеке ассистент кызматтарын төлөөнү киргизүү каралган. Ошого байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине 2022-жылдын 1-июнунан тартып аталган категориядагы адамдарга жеке ассистент кызматтарын төлөөнү киргизүү тапшырмасы берилип жатат.
2019-жылдан тартып дайыма бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн “жеке ассистент” кызматы киргизилген.
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жогорудагы Жарлыкты ишке ашырууда, 2002-жылдын 17-18 — мартында, 2010-жылдын апрель-июнунда жана 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдун өлчөмүн жогорулатуу боюнча чараларды көрүү тапшырмасы каралган.
Возможно, это изображение 1 человек, сидит и костюм
Пайдалуу
Ссылкалар