Эмгек министирини орун басары БУУнун эл аралык эмгек уюмунун директору менен жолукту

Кыргыз Республикасынын делегациясынын башчысы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдоолот Базарбаев Нью-Йорк шаарында (үстүбүздөгү жылдын 17-20-майында) эл аралык миграция маселелерин кароо боюнча форумдун ишине катышуунун алкагында БУУнун алдындагы Эл аралык эмгек уюмунун кеңсесинин директору Беате Андрис айым менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Аталган жолугушуунун жүрүшүндө Н.Базарбаев Кыргызстандын эл аралык эмгек уюму менен өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулады. Жыл сайын 20-февралда социалдык адилеттүүлүктүн дүйнөлүк күнүн белгилөө боюнча Кыргыз Республикасынын демилгесин активдүү алга жылдыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Бул контекстте ушул жылдын февралында БУУнун алдындагы Кыргыз Республикасынын Постпредствосу тарабынан жана Нью-Йорк эл аралык эмгек уюмунун кеңсеси менен биргеликте “Формалдуу иш менен камсыз кылуу аркылуу социалдык адилеттүүлүккө жетишүү” темасындагы Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чара оң белгиленди.
Н.Базарбаев жана Беате Андрис БУУнун Башкы катчысынын идеясын ишке ашыруунун маанилүү аспектилерин талкуулашты, анын “Биздин жалпы күн тартиби” баяндамасында социалдык коргоо системасына тиешелүү бөлүгүндө жаңыланган социалдык келишимдин зарылдыгы жөнүндө айтылган.
Мындан тышкары, тараптар пандемия Covid-19 терс таасирлери менен күрөшүү контекстинде адамдарды татыктуу жумуш жана турак жай менен камсыз кылуу жаатындагы бардык маселелер боюнча пикир алмашышты.
Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар өз ара кызыкчылык жараткан бардык маселелер боюнча активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашышты.
Возможно, это изображение 7 человек, люди сидят и люди стоят
Пайдалуу
Ссылкалар