Эмгек министри “Мээримдүү тыйын” акциясына катышты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев “Элим Барсынбы” коомдук фонду тарабынан уюштурулган “Мээримдүү тыйын” кайрымдуулук акциясына катышты, андан каражат ДМЧАлардын жана башка муктаж жарандардын муктаждыктарына жумшалат.
Министр өз каражатынан 5000 сом бөлдү, ал өз сөзүндө мамлекет азыркы учурда муктаж жарандарга өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын белгиледи.
“Президент Садыр Нургожоевич Жапаров Жарлыкка кол койду, ага ылайык 1-июндан баштап муктаж болгон жарандардын 10 категориясы үчүн жөлөк пулдар көбөйтүлөт, бул максат үчүн ушул жылы гана бюджеттен 2 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн, бул мамлекеттин элге кам көрүүсүнүн эң жогорку деңгээлинин мисалы болуп саналат жана бул бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын бир бөлүгү гана”, – деди министр.
Пайдалуу
Ссылкалар