Мүмкүнчүлүгү чектелген жараандарды протездик ортопедиялык буюмдар менен камсыздоо 2022-жылдын 23 апрельден 27 апрельге чейин

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин (РПОБМ) медициналык бөлүмү жуманын ичинде 154 Кыргызстандын ДМЧАна кызмат көрсөтүштү. Биринчи жолу кайрылгандарды жана протездөөнун оор түрүн жасап берүү максатында алыскы райондордон келген 11 ДМЧА Реаблитациялоо борборуна жаткырылды.

Жуманын ичинде РПОБМде  201 жуп ортопедиялык бут кийим, 15 даана протездик-ортопедиялык буюмдары жана 29 даана корсет, бандаж, реклинатор буюмдары иштелип чыгарылган.

 РПОБМде казак боордоштордун Medicare.international.kz протездик-ортопедиалык борборунун өкүлчүктөрү менен министрдин орун басарлары           Н.С. Базарбаев, Ж.И. Алыбаева жана мекеменин жетекчилери жолугушуу иш-чарасы өттү.  Бул иш-чарада протездөөгү жаны ыкмалар, технологиялар боюнча тажрыйба алмашуу жана башка кызматташуу боюнча талкуулар болду.

Пайдалуу
Ссылкалар