«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын май айынын төртүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 22 – 31  – майына чейин 5658 телефондон кайрылуу (же бир суткада 565 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 113  абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 37  же 32,7%  жаш балдардан, ал эми 76 же 67,3% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 82 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 12 абонентке психологиялык консультация берилди, 19 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

113 чалуунун  ичинен эркектерден – 36  (же 31,8%), аялдардан – 77 (же 68,2%), балдардан – 37 : анын ичинен эркек балдардан – 17 (же 46,0%), кыздардан – 20 (же 54,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 32;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү – 15;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 14;

– психологиялык жабырлануудан – 13;

 –  балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу  – 11;

– БҮИТ борбору тууралуу маалымат – 6;

– башка суроолор менен – 5;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 4;

– билим берүү системасы боюнча – 4;

– аялдарга карата үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу  – 3;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип –3;

– үй- бүлөлүк мамилелер жана чыр- чатактар тууралуу – 2;

– медициналык камсыздоо тууралуу  – 1.                                                                                                                                                                                            

5545 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 29 (же 25,7%);

– Чүй облусунан – 15 (же 13,3%);

– Ош облусунан – 12 (же 10,6%);

– Ысык- Көл облусунан – 12 (же 10,6);

– Жалал-Абад облусунан – 10 (же 8,8%);

– Ош шаарынан – 5 (же 4,4%);

– Нарын облусунан – 4 (же 3,5%);

– Талас облусунан – 2 (же 1,8%);

– Баткен облусунан – 2(же 1,8%);

– анонимдерден – 22 (же 19,5%).

Пайдалуу
Ссылкалар