Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жөлөк пул 1-июндан баштап көбөйтүлөт

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде өткөн балдарды коргоо күнүнө арналган иш-чаранын жүрүшүндө билдирди.
“Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун Жарлыгына ылайык, 16 жашка чейинки балдары бар муктаж болгон жарандарга (үй-бүлөлөргө) ай сайын берилүүчү жөлөкпул көбөйтүлөт, эгерде алар 810 сом алышса, эми алар 1 200 сомдон алышат. Ошондой эле жогорулатуу жардамга муктаж жарандардын башка категорияларына таасирин тийгизет”, – деди министр.
Иш-чаранын жүрүшүндө мүмкүнчүлүгү чектелген 200 балага уюштуруучулардын атынан белектер таратылды.
Иш-чарада университеттин ректору Абдылда Мусаев, ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы жетекчиси Кристин Жолм айым, “Элим Барсынбы” фондунун жетекчиси Айдар Кубанычбеков, КР социалдык кызматкерлер Ассоциациясынын президенти, профессор Орозалиев Эрик сөз сүйлөдү.
Пайдалуу
Ссылкалар