Балдарга жөлөк пулду жогорулатуу үчүн өлкөнүн бюджетинен 1 миллиардан ашык сом кошумча бөлүнгөн

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жайгашкан Балыкчыдагы “Шоола Нурлуу балдар” майып балдарды колдоо жана өнүктүрүү борборундагы балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык иш-чарада билдирди.
“Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жөлөк пулдарын жогорулатууга кошумча 1 миллиардан ашык сом бөлдү, жогорулоо өлкө боюнча 300 миңден ашуун балага таасирин тийгизет жана бул багыттагы иш токтобойт, мамлекеттин балдарга болгон камкордугу системалуу, ырааттуу”, – деди министр.
Иш-чаранын жүрүшүндө министр борбордун тарбиялануучуларын куттуктап, белектерди тапшырды.
Пайдалуу
Ссылкалар