Эмгек министринин орун басары Чүй облусундагы социалдык мекемелердин тарбиялануучуларынын, балдардын коргоо күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаныл Алыбаева Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Беловодск балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барып, мекеменин жетекчилигине дарылоо – дене тарбия кабинети үчүн инвентарь алуу үчүн сертификаттарды тапшырды.
Борбордун тарбиялануучулары, балдарды коргоо күнүнө карата концерт, театралдаштырылган шоу уюштурушту.
Жаңыл Алыбаева иш-чаранын катышуучуларынын алдында сөз сүйлөп жатып, министрлик республиканын стационардык мекемелерине жардамды күчөтүүгө ниеттенүүдө деп айты.
Ошондой эле ал Сокулук районунун Маловодное айылында жайгашкан Кыргыз Республикасындагы Япониянын элчилигинен Сокулук реабилитациялык борборундагы медициналык жана реабилитациялык жабдууларды, эмеректерди, тиричилик техникаларын, медициналык кызматтын автомобилин расмий өткөрүп берүү аземине катышты.
Иш-чарага ошондой эле Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Маэда Сигеки Мырза катышты.
Пайдалуу
Ссылкалар