Ализа Солтонбекова Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин директору болуп дайындалды

КР министрлер кабинетинин төрагасы А.У. Жапаров Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К. Б. Базарбаевдин сунуштамасынын чечим кабыл алды.
Ализа Солтонбекова 1978-жылы 5-апрелде Бишкек шаарында төрөлгөн.
1999-жылы Бишкек финансы-экономикалык техникумун “ишканалардын финансысы”адистиги боюнча артыкчылык менен аяктаган.
2005-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин “финансы жана кредит”адистиги боюнча артыкчылык менен аяктаган.
2011-жылы КР Президентине караштуу Башкаруу Академиясын “менеджмент”багыты боюнча аяктаган.
2016-жылы КР ТИМ Дипломатиялык академиясын “эл аралык мамилелер”адистиги боюнча аяктаган.
Мамлекеттик кызматтын биринчи класстагы кеңешчиси.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1995-1998-Н. Биримкулова орто мектебинин мугалими ;
1999-2003-Чүй облусунун Ивановка айылынын 1-орто мектебинин мугалими ;
2003-2004-Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айыл өкмөтүнүн жаштар комитетинин төрагасы, жашы жете элек балдардын иштери боюнча адиси;
2004-2008-Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси;
2008-2010-Чүй районунун мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары;
2012-2017-КР Өкмөтүнүн Аппаратынын каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы, Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
2017-2018-КР Өкмөттүнун Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Социалдык маселелер боюнча орун басары;
2018-2020-КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
2021-КР Эмгек, социалдык касыздоо жана миграция министри;
2022-Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары.
Возможно, это изображение 1 человек и стоит
Пайдалуу
Ссылкалар