Эмгек министри Кудайберген Базарбаев Ысык-Көл облусунда социалдык кызматтардын сапатын текшерди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Каракол шаарынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери менен социалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Министрдин айтымында, айдын башында Ысык-Көл облусу боюнча 32 279 адам мамлекеттик жөлөкпул алуучулар болуп саналат.
“Быйылкы жылга облусту социалдык камсыздоого 1 млрд 211 млн 628 миң 400 сом, анын ичинде социалдык төлөмдөргө – 1 млрд 97 млн 662 миң 900 сом каралган. Жыл башынан бери 522 млн сомдон ашык каражат каржыланган, анын ичинен жарандарга төлөмдөр 470 млн 846 миң 826 сомду түзгөн.
Каржылоо президенттин үч жарлыгы чыккандан кийин көбөйдү – өткөн жылдын октябрь айында, ушул жылдын январь жана июнь айларында мамлекеттик жөлөкпулдарды жана ар кандай төлөмдөрдү 100% дан 200% га чейин жогорулады.
Биздин милдет – турмуштук оор кырдаалга туш болгон жарандар тарабына бул төлөмдөрдү дайындоонун ачык – айкындуулугун жана өз убагында алууну камсыз кылуу”, – деди ал.
Жолугушууда Кудайберген Базарбаев облус боюнча 6 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлө же 20 миңден ашык бала “үй-бүлөгө көмөк”жөлөкпулун алышаарын белгиледи.
“Билесизби, бул жөлөкпул аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарын колдоо үчүн бир жылга берилет. Июнь айында мамлекет башчысынын жарлыгы менен жөлөк пул 7 жылда биринчи жолу 50% га көбөйтүлүп, бүгүнкү күндө бир балага 1200 сомду түзөт.
Бирок бул жөлөк пул берүү менен гана чектелишибиз керек эмес. Үй – бүлөлөрдү турмуштук оор кырдаалдан алып чыгуу боюнча активдүү чараларды киргизүү-ишке орноштуруунун, ишке орноштуруунун варианттарын табуу, акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартуу иштерди уюштуруу зарыл.
Социалдык контракт жакырчылыкты жоюунун жаңы чарасы болуп, Кадамжай жана Жумгал райондорунда пилоттук сыноодон ийгиликтүү өттү. Мамлекеттен 100 миң сомдон алган үй – бүлөлөр чакан бизнес ачып, мамлекеттик жөлөк пулдардан баш тартышты”, – деп белгиледи Кудайберген Базарбаев.
Пайдалуу
Ссылкалар