Кыргызстанда көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Батыш Салиеванын 100 жылдыгы белгиленет

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Батыш Салиеванын 100 жылдыгына карата мааракелик иш-чараларды даярдоо боюнча Ысык-Көл облусунун Туп районунун Талды-Суу айылында кеңешме өткөрдү.
Батыш Салиева эки жолу Кыргыз ССРинин социалдык өнүгүү министри болгон, жалпысынан бул кызматта 25 жыл иштеген. Дал ошонун аркасында Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин жашап келе жаткан интернаттык мекемелер системасы пайда болду. Батыш Салиева эки жолу СССРдин Жогорку Советине депутат болуп шайланган, алты жолу Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болгон. СССР Жогорку Советинин улуттар Кеңешинин саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо боюнча комиссиясын жетектеген.
“Анын катышуусу менен ушул убакка чейин өлкөнүн сыртында белгилүү жана кыргызстандыктар жакшы көргөн “Голубой Ысык-Көл” санаторийи, “Чолпон-Ата”, “Ала-Тоо” эс алуу үйлөрү курулган, ал пансионаттардын тазалоочу курулмаларын иштеп чыгууга СССРдин коргоо министрлигинин адистерин тарткан. Ал эми пансионаттар куруу максатында Советтер Союзунун легендарлуу каржы министри Василий Гарбузов иш ал барган, ал киши 25 жыл каржы министири болуп иштеген. Ал Кыргызстан профсоюздук кыймылынын башатында турат”, – деди Кудайберген Базарбаев.
Министрдин айтымында, көз карандысыздык жылдарында Кыргызстанда биринчи жолу өлкөнүн социалдык камсыздоо тутумунун өкүлүн бийик денгелде сыйланылат.
Майрамдык иш-чаралар Батыш Салиеванын туулган күнүндө 1-июлда болуп, анын туулуп өскөн Талды-Суу айылында, ошондой эле республиканын социалдык камсыздоо тутумунун мекемелеринде өтөт.
Пайдалуу
Ссылкалар