Кочкор районунун социалдык муктаждыктарына 100 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Кочкор районунун жашоочуларынын социалдык муктаждыктарына 100 млн сомдон ашык каражат бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.
“Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, 2021-жылдын октябрь айынан баштап жөлөкпулдардын өлчөмү үч эсе көбөйтүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тартып майыптык боюнча жөлөкпулдар көбөйүп, “жеке жардамчы”кызматын алуу үчүн жаш курагы боюнча чектөө жокко чыгарылды. Өлкөнүн тарыхында биринчи жолу мамлекет өлкөнүн социалдык секторуна бурулду”, – деди министр.
Жолугушуу Жогорку Кеңештин депутаты, Социалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү Жылдыз Садырбаеванын, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен болуп өттү, алар райондун тургундарынын эң актуалдуу суроолоруна жооп беришти.
Иш – чарадан кийин министр К.Базарбаев жарандарды жеке кабыл алды.
Нарын облусунун социалдык муктаждыктарына жалпысынан Кыргыз Республикасынын 2022-жылга бюджетинен 1 миллиард 272 миллион сом бөлүнгөн. Ушул жылдын беш айында Министрлик облустун социалдык муктаждыктарына 600 миллион сомдон ашык каражат бөлгөн.
Пайдалуу
Ссылкалар