Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кочкор районуна иш сапары менен келди

Министр Кудайберген Базарбаев БУУнун Кыргыз Республикасындагы Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Кожиро Накай мырза менен биргеликте Кочкор районунун “Кара-Саз айылында таза суу системасын куруу” долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышты.
Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө курулуш иштери үчүн Кош-Дөбө айыл аймагынын социалдык кызматына муктаж болгон 32 адам тартылган.
Долбоордун катышуучулары сыйымдуулугу 100 тонна резервуарды, узундугу 280 метр тосмону жана узундугу 1200 метр ичүүчү суу түтүгүн курушту.
Пайдалуу
Ссылкалар