Кыргызстанда көз карандысыздык жылдарында биринчи жолу социалдык камсыздоо системасынын ишмери сыйланат

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев белгилүү мамлекеттик ишмер Батыш Салиеванын 100 жылдыгына арналган конференциянын алкагында билдирди.
Иш-чара Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айылында болду. Учурда Батыш Салиеванын урматына иш-чаралар бүткүл өлкө боюнча өткөрүлүп жатат.
Министр Кудайберген Базарбаевдин айтымында, дал ушул Батыш Салиева Кыргызстанда азыркы учурдагы иштеп жаткан социалдык камсыздоо тутумун түзгөн.
“Ал социалдык камсыздандыруунун патерналисттик моделин киргизген, анда мамлекет өз жарандары үчүн максималдуу жоопкерчиликти өзүнө алып, социалдык коопсуздукту жана социалдык туруктуулукту камсыз кылат. Ошол эле учурда, 50-60-жылдары улгайган жарандарды колдоо, майыптыгы бар адамдарды камсыз кылуу, жумушка орношууга жардам берүү, ар кандай төлөмдөр сыяктуу маанилүү социалдык чаралар киргизилген”, – деди ал.
Базарбаев белгилегендей, бүгүнкү күндө ведомство социалдык жактан аярлуу жарандардын ар кандай категорияларына социалдык колдоо көрсөтүүнү күчөтүүнү улантууда.
“Белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун Жарлыктары менен өткөн жылдын октябрь айынан бери 25 категориядагы жарандарга, анын ичинде Батыш Салиева өзгөчө көңүл бурган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жөлөк пул 100дөн 200% га чейин үч жолу жогорулатылган”, – деп баса белгиледи министр.
Кудайберген Базарбаев биздин мамлекеттүүлүктү социалдык жактан өнүктүрүү үчүн көптөгөн жылдар бою миңдеген адамдар татыктуу, чын жүрөктөн кызмат кылып келгенин баса белгиледи.
“Алардын кесипкөйлүгү, ишке берилгендиги, жогорку моралдык принциптери Биздин эгемендигибиздин жана коомубуздун негизин түздү. Бүгүн биз Батыш Салиеванын туулган күнүнүн 100 жылдыгын белгилеп жатып, өлкөбүздүн социалдык камсыздоо системасынын мурдагы жана азыркы кызматкерлерине таазим этебиз”, – деди ал.
Возможно, это изображение 8 человек и люди стоят
Пайдалуу
Ссылкалар