Тогуз-Торо районунун 3 716 тургуну мамлекеттик жөлөк пул алышат

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Тогуз-Торо районунун Казарман жана Каргалык айылдарындагы жөлөк пул алуучулар – аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, улгайган жарандар, майыптыгы бар адамдар менен жолугушууда билдирди.
“975 үй-бүлө 16 жашка чейинки “үй-бүлөгө көмөк” балдарына жөлөк пул алышат. Ушул эле үй-бүлөлөр электр энергиясын жеңилдетилген тариф боюнча Президенттин муктаж жарандарга даректүү социалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө Жарлыгына ылайык төлөшөт.
35 адам жеке ассистент болуп катталып, жыл башынан бери мамлекет аларга 1 млн сомдон ашык акча төлөп берди”, – деп маалымдады Кудайберген Базарбаев.
Министр белгилегендей, бардык дайындоолор жана төлөмдөр ачык-айкын жүргүзүлүүдө, каалаган жаран сайтта мамлекеттик жөлөкпулдарды алуучулардын интерактивдүү картасын ачуу менен буга ынана алат.
Ошондой эле жолугушуу учурунда министр жолдомолорду алуу үчүн тизмедеги мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга санаториялык – курорттук дарыланууга жолдомолорду тапшырды.
Жолугушуудан кийин тургундар министрге өздөрүнүн суроолору менен кайрыла алышты. Жеке кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарына тиешелүү тапшырмалар берилди.
Бардык кайрылуулар министрдин көзөмөлүндө.
Жалпысынан Жалал-Абад облусунун социалдык муктаждыктарына 2022-жылга Кыргыз Республикасынын бюджетинен 3 миллиард 240 миллион сом бөлүнгөн. Үстүбүздөгү жылдын беш айында Министрлик облустун социалдык муктаждыктарына 1 миллиард 300 миллион сом бөлдү.
Буга чейин Кудайберген Базарбаев Кочкор районунун Кочкор айылынын, Жумгал районунун Чаек айылынын социалдык кызмат алуучулары менен жолугушту.
Пайдалуу
Ссылкалар