«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын июнь айынын төртүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 22 – июнунан 1– июлуна чейин 2623 телефондон кайрылуу (же бир суткада 291 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 73 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 30 же 41,0% жаш балдардан, ал эми 43 же 59,0% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 58  абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 8 абонентке психологиялык консультация берилди, 7 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

73 чалуунун ичинен эркектерден – 23 (же 31,5%), аялдардан – 50 (же 68,5%), балдардан – 30 : анын ичинен эркек балдардан – 12 (же 40,0%), кыздардан – 18 (же 60,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 22;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү тууралуу– 10;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу  – 8;

– психологиялык жабырлануудан – 8;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, ата эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 6;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 5;

– БҮИТ борбору тууралуу маалымат – 4;

– башка суроолор менен – 3;

– мектептеги рэкет тууралуу – 2;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип –2;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 2;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 1.

2550 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 22 (же 30,1%);

– Чүй облусунан – 11 (же 15,1%);

– Жалал-Абад облусунан – 9 (же 12,3%);

– Ош облусунан – 7 (же 9,6%);

– Ысык-Көл облусунан – 6 (же 8,2%);

– Ош шаарынан – 5 (же 6,8%);

– Баткен облусунан – 1 (же 1,4%);

– Талас облусунан – 1 (же 1,4%);

– Нарын облусунан  –1 (же 1,4%);

– анонимдерден – 10 (или 13,7%).

Пайдалуу
Ссылкалар