Эмгек министрлиги жакырчылык менен күрөшүү боюнча Кытай тажрыйбасын колдонууга ниеттенүүдө

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кытайдын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэн айым менен жолугушуу учурунда билдирди.
Министр КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Кытай эмгек ресурстары жана социалдык камсыздоо министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишимдин алкагында Кытайдын заводдорунан Республикалык протездик – ортопедиялык заводдуна техникалык каражаттар менен камсыз кылуу боюнча өз ара аракеттенүү тажрыйбасы болгонун белгиледи. Азыркы учурда бул мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле Республикалык протездик – ортопедиялык заводду багыты боюнча, ошондой эле Кытайдын салттуу медицинасын колдонуу менен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялык борборлорду ачуу мүмкүнчүлүгү каралууда.
“Биздин министрлик Кытай кесиптештери менен мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар. Биз Кытай менен жакырчылыкка каршы күрөшүү темасында, ошондой эле Кытайдын социалдык саясатынын башка ийгиликтүү багыттарында тажрыйба жана билим алмашуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну каалайбыз”, – деди министр.
Ду Дэвэй айым министрди колдоп, Кытай элчилиги министрликтин айтылган сунуштарын ишке ашыруу үчүн күч-аракет жумшоого даяр экендигин айтты.
“Кытай акыркы 100 жылдан бери жакырчылык менен жигердүү күрөшүп келе жатат, акыркы 10 жылда биз аны толугу менен жок кылууга жетиштик. Мамлекеттин аракетинин аркасында 800 миллиондон ашык кытай жарандары 2021-жылга чейин жакырчылыктан чыгарылган. Биз өз билимибизди жана тажрыйбабызды Кыргыз Республикасы менен бөлүшүүгө даярбыз”, – деди элчи айым.
Пайдалуу
Ссылкалар