Үч эм төрөлгөн аз камсыз үй-бүлөгө Президентин атынан батир берилди

Бүгүн, 18-июлда, Балыкчы шаарында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровтын атынан, үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө батирдин ачкычын тапшырды.
Батир Президентин демилгеси менен министирликтин колдоосунда жана Кыргыз-Араб “Келечек” фонду тарабынан аталган жарандарга берилди.
“Кыргыз Республикасынын Президенти социалдык камсыздоо тармагына өзгөчө көңүл бурат. Өткөн жылдын октябрынан тартып жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган калктын ар кандай категориялары үчүн жөлөкпулдун өлчөмү үч жолу көтөрүлдү. Социалдык кызматтардын сапатын жакшыртуу үчүн социалдык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылды. Мамлекет муктаж болгон жарандардын көйгөйлөрүн мындан ары да кылдат жана сапаттуу чечүүгө ниеттенүүдө”, – деди министр.
Канат Абдылдаев менен Айбарчын Бегалиеванын үч эм ата-энеси өздөрүнүн турак жайы жана жумушу жок жана Тоң райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турушат.
Белекке берилген батир Балыкчы шаарынын борборунда жайгашкан, үй борбордук коммуникацияга туташтырылган. Квартира оңдолуп, тиричилик техникалары жана күнүмдүк керектелүүчү буюмдары бар. Ошондой эле аталган үй-бүлө белек катары жеңил унаа алышты.
Министирлигдин маалыматы боюнча, 2021-жылы республика боюнча 150 миңден ашык бала төрөлгөн, 2022 жылдын 6 айында өлкөдө 98 536 бала төрөлгөн, алардын ичинен 15 үч бала.
Мамлекет тарабынан төрөлгөндө 4000 сом өлчөмүндө “Балага сүйүнчүгө” бир жолку төлөм каралган, ал эми үчтүк төрөлгөндө ар бир бала үчүн 50 000 сомдон.
Абдылдаевдердин үй-бүлөсү 150 миң сом алган.
Возможно, это изображение 5 человек и люди стоят
Пайдалуу
Ссылкалар